Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-июлу № 11
“Мекемени каттоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кенештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлуктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Таш-Булак айылдык Кеңешинин Регламентин талкуулоонун негизинде, Таш-Булак айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын 20 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Таш-Булак айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
Мекемени толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Таш-Булак айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш” Таш-Булакского айылного аймака.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Таш-Булак айылы, Д.Махмудов көчөсү үй № 86.
3. Таш-Булак айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |