Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 01
“Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага аукцион аркылуу берүүдөгү башталгыч бааларды бекитүү жөнүндө”
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси Д.Кошназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кулбайлуу участкасындагы:
№2-контурдагы 1га сугат жердин башталгыч баасы 5500 сом.
№10-контурдагы 1га шарттуу сугат айдоо жердин башталгыч баасы-5000 сом,
№18-контурдагы 1га шарттуу сугат айдоо жердин башталгыч баасы-4000 сом,
№440-контурдагы 1га шарттуу сугат айдоо жердин башталгыч баасы-4000 сом,
№459-контурдагы 1га шарттуу сугат айдоо жердин башталгыч баасы-4000 сом.
2. №39-контурдагы шаалы эгилуучу 1га жер аянттарынын башталгыч баасы 8500сом болуп 1(бир) жылдык мөөнөт менен аукцион аркылуу берилсин.
3. 1га кайракы айдоо жер аянттарынын башталгыч баасы -800сом
4. Кыр-Жол участкасындагы 1га кайракы айдоо жер жана чөп-орок аянттарынын башталгыч баасы -800 сом болуп 3(үч) жылдык мөөнөт менен аукцион аркылуу берилсин.
5.1 га кайракы чөп-орокторду 600-800сомго чейин 1(бир) жылдык мөөнөткө түз берүү жолу менен берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |