Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры № 13
“Таш-Булак айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Таш-Булак айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Таш-Булак айыл өкмөтү аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Зумаев Зайнабидинходжа Маккамович бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Таш-Булак айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |