Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 02
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2020-жылдын 1-январына калган акча каражаты жөнүндө”
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкулованын кайрылуусун карап жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы мининстрлигинин Сузак башкармалыгындагы счетунда жергиликтүү бюджет эсебинен 2020-жылдын 1-январына калган 2910716,82 (эки миллион тогуз жүз он миң жети жүз он алты сом сексен эки тыйын) миң сом акча каражаты төмөнкү тармактарга жана беренелерге бөлүнүүсү бекитилсин:
Башкаруу бөлүмүнүн (70111) 2231-беренесине 45916,82 сом.
Коммуналдык чарба (7062221) ямочный ремонт 170 000сом.
Китепкана (7083111) китепкана куруу 203 000сом.
Билим берүү (7092231) бөлүмүнүн электр энергиясына төлөө 314 500 сом.
(7063111) Ынтымак айылына садик куруу үчүн 1 000 000 сом
(7063111) Таш-Булак айылына скважинага айыл өкмөтүнүн салымы 200 000 сом
(7063111) Таш-Булак айылына көчөнү асфальттоо,айыл өкмөт салымы
100 000сом
(7092231) электр энергиясына төлөө 165 000сом
(7063112) акылдуу счетчик сатып алуу 263 500сом
Билим берүү (709313111) Таш-Булак мектебинин полун алмаштыруу 448 300сом
Жалпысы 2910716,82 мин сом №______ тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |