Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 09
“Таш-Булак айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгү министрлигинин Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Таш-Булак айыл өкмөтүнүн ортосунда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Таш-Булак айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |