Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 10
“Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчунө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдын же алардын укук муростоочу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарына чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралу №512 токтомуна ылайык Таш-Булак айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын сугат айдоодогу 68,83 га жер аянттарын калктуу конуштар категориясына которуу боюнча Жалал-Абад областынын губернаторунун 22.12.2008-жылдагы №277 токтомуна Сузак райондук администрациясынын 18.08.2007-жылдагы №482 жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 06.05.2007-жылдагы №92 буйругун эске алып Таш-Булак айылдык кеңешинин XХII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн №143 контурундагы 4,8 га, №43 контурундагы 5,6 га, №296 контурундагы 7,0 га, №247 контурундагы 12,23 га, №350 контурундагы 5,0 га №326 контурундагы 32,0 га №347 контурундагы 2,20 га жалпысы 68,83 га айыл чарбасынын сугат айдоодогу жер аянттарына турак жай курулуп калгандыгына байланыштуу, айыл чарбасынын сугат айдоо категегориясынан калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 7 контурунда жайгашкан 68,83 га айыл чарбасынын сугат айдоодогу жер аянттарын, айыл чарбасынын сугат айдоо категориясынан, калктуу конуштар категориясына которууга токтомду бекитип берүүнү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |