Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 12
“Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Терек айылындагы П.Авановго тиешелүү болгон жер аянтын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,13,25-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2008-жылдагы №252 токтому менен бекитилген жобого ылайык жана Аванов Памир Камалдиновичтын жазган арызын талкуулап Таш-Булак айылдык кеңешинин XXII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолок-Терек айылындагы Аванов Памир Камалдиновичке таандык 2175,7кв.м. жер тилкесинин (гараж алдындагы жерлер) жер аянтынын пайдалануу багытын мал союлуучу, мал багуучу сарай, жем, эт сатуучу дүкөн курууга жана иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Жерге жайгаштыруу иш кагаздарын даярдоо жагы жер адистин убактылуу милдетинин аткаруучу Р.Аскаровго тапшырылсын.
3. Сузак райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү юридикалык иш кагаздарын өзгөртүп берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынан жер тилкесинин пайдалануу күбөлүгүн өзгөртүү жагы суралсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |