Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 01
“Мамлекеттик фондунун жерлерин каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы №105 “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө №105 токтомун аткаруу максатында Таш-Булак айыл өкмөтү аркылуу өтүүчү электр чубалгаларына далкелген жерлерди каттоодон өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 6-беренесинин 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинини 13,15,17,20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүнөзү башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине негизденип Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлери категориясынын жалпы 0,85га,а.и. 0,3985га сугат айдоо, а.и. №51-контурдан 0,0529га,№49-контурдан 0,040га,№46-контурдан 0,0361га,№40-контурдан 0,0361га, №30-контурдан 0,1444га,№28-контурдан 0,089га,0,1184га кайракы айдоо,а.и.№519-контурдан 0,040га, №517-контурдан 0,0784га, 0,257га жайыт, а.и. №513-контурдан 0,217га,№505-контурдан 0,04га, 0,0761га көп жылдык бак дарак, а.и. №124-контурдан 0,0761га жер аянттары мамлекеттик фонду жерлерине алынып, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн мөөнөтсүз пайдалануусуна бекитип берилсин.
2. Мөонөтсүз пайдаланууга бекитилген жер аянттарын каттоодон өткөрүп, жерди мөөнөтсүз пайдаланууга укук берүүчү мамлекттик акты берүү жагы Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендитрилсин.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |