Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-марты № 02
“Таш-Булак айыл өкмөтүнө караган 9,24га (шахта куруп көмүр казүү үчүн) жер аянтын 5 жылдык мөөнөткө ижарага берүү жана анын ижара акын белгилөө жөнүндө”
“Байасман-Тоо”ЖЧКнын башкы директору У.Нураковтын Таш-Булак айыл өкмөтүнө караган 9,24га (шахта куруп көмүр казүү үчүн) жер аянтын 5 жылдык мөөнөткө ижарага ажыратып берүүнү сураганы жөнүндөгү катын угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу 9,24га (шахта куруп көмүр казүү үчүн) жер аянтын 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилип анын ижара акы 1жылга 1,0га жерге 100000 (жүз миң) сом кылып белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтү башчысы Н.Самидиновго жүктөтүлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |