Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22- апрели № 01
“Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бөлүнгөн акча каражатын аз камсыз болгон үй бүлөлөргө бөлүштүрүп. берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен Сузак районуна бөлүнгөн акча каражатын аз камсыз болгон үй бүлөлөргө бөлүштүрүү комиссиясынын 17.04.2020-жылдагы актысынын негизинде жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20.04.2020-жылдагы №94-б буйругунун негизинде, Таш-Булак айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын отурумунун протоколу, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновдун кайрылуусунун негизинде Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн акча каражаты турмушу оор кырдаалда турган гуманитардык жардамга муктаж үй бүлөөлөргө айыл өкмөттө түзүлгөн комиссиянын протоколунун негизинде бөлүштүрүлсүн.
2. Райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн 150,0 (бир жүз элүү) миң сом акча каражат айыл өкмөттүн башкаруу бөлүмүнөн (70111) атайын каражат эсебине тамак аш продукталарын сатып алуу (2218) беренесине жүмшалсын жана тактама уведомление жазылсын.
3. Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөттүн башчысына жана фЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Чечимдин аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөлсүн.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |