Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 01
«Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2022-2023- жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө»
Таш-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша долбоорун жана 2022-2023- жылдарга божомолун бекитүү жөнүндөгү 2020-жылдын 18-майында Таш-Булак айылында болуп өткөн коомдук угуунун протоколун негизинде, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Аманкулованын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2021-жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 19589,8 миң сом, 2022-жылга божомолу 19509,6 миң сом, 2023-жылга божомолу 19579,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2021-жылга долбоору 5456,6 миң сом, 2022-2023-жылдарга божомолу 5356,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана биринчи кезекте корголгон беренелерди ( эмгек акы, соц.фондко чигерүү, коммуналдык чыгымдар) каржылоого жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2021-жылга 19589,8 миң сом, 2022-жылга божомолу 19509,6 миң сом, 2023-жылга божомолу 19579,6 миң сом өлчөмүндо бекитилсин.
4. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бекитилген 2021-жылга долбоору жана 2022-2023-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |