Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июлу № 01
“Таш-Булак айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчы кызмат орундарынын штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө”
2020-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” №64-токтомун жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 02-июнундагы №07-03/1041-сандуу катын аткаруу максатында Таш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы жана жооптуу катчы кызмат орундарынын штаттык ырааттамасын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Штаттык тизмеге толуктоолорду киргизүү айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Шермат уулу Алмаз |