Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 1/1
Айыл Өкмөт башчысынын 2019-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновдун 2019-жылда аткарган иштери боюнча берген отчётун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновдун отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү аткарылып жаткан иштердин кемчилдиктерин жоюу жагы Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | З.Айтмаматов |