Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 1/2
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2019-жылга аткарган иштери жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндөгү айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндөгү айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматы эске алынсын.
2. Айыл Өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн кошумча булактарды таап көбөйтүү жагы айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |