Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 1/4
Жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө.
Жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу жөнүндө айыл өкмөттүн башкы адиси К.Муратбековдун берген маалыматын жана сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдин жашоо шартын эске алуу менен жер салыгынын базалык ставкалары калькуляцияга негиз 1 эсеге көтөрүлсүн.
2. Суулуу эсебинде элге берилген үлүш жерлердин, суу жетбеген суулуу үлүштүн ээлери жана айыл башчынын актысынын негизинде жер салыктары кайракы эсебинде 1 эсеге көтөрүлүп алуу жагы белгиленсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |