Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 1/6
Айыл өкмөттүн 2021-2022-2023-жылдарга карата болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн 2021-2022-2023-жылдарга карата болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндөгү айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөттүн 2021-2022-2023-жылдарга карата болжолдуу бюджети бекитилсин.
2. Айыл Өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн кошумча булактарды таап көбөйтүү жагы айыл Өкмөттүн салык кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Чыгаша бөлүгүн аткаруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |