Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 23-январы № 1/8
Торук айылынын тургуну, эмгектин ардагери маркум Атабеков Мадалбайдын ысмын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Торук айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну, эмгектин ардагери маркум М.Атабековдун ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны Торук айылындагы Төрөев Мелисбектин үйүнөн баштап Юсупбаев Асилбектин үйүнө чейинки көчө Атабеков Мадалбай атындагы көчө деп аталсын.
2. Атабеков Мадалбай атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум М.Атабековдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрага | З.Айтмаматов |