Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 1/9
Семет айылынын тургуну, маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тагаев Жүнүсалынын ысмын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Семет айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тагаев Жүнүсалынын ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Семет айылындагы Валиев Мавлавийден үйүнөн баштап Бузурманкулов Төрөкулдун үйүнө чейинки көчө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тагаев Жүнүсалы атындагы көчө деп аталсын.
2. Тагаев Жүнүсалы атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум Ж.Тагаевдин урпактарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | З.Айтмаматов |