Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 1/10
Семет айылынын тургуну, маркум эмгектин ардагери Ызанов Эзендин ысмын көчөгө берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Семет айылынын бир көчөсүнө учурдун талабына ылайык айылдын тургуну маркум эмгектин ардагери Ызанов Эзендин ысымын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Таш-Жар айылындагы Ызанов Ыстаналынын үйүнөн баштап Нармырзаев Курбандын үйүнө чейинки көчө эмгектин ардагери Ызанов Эзен атындагы көчө деп аталсын.
2. Ызанов Эзен атындагы көчөдөгү үйлөргө керектүү табличкаларды жасап илдирүү жана көчөнүн жолун иретке салып көзөмөлдөө жагы демилгелүү топко жана маркум Э.Ызановдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын .
Төрага | З.Айтмаматов |