Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/4
Аксы токой чарбасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Аксы токой чарбасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы токой чарбасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын
2. Айыл өкмөттүн башчысы айылдарда өткөрүүчү чогулуштарына Аксы токой чарбасынын токойчусу кошулуп жүрүп элге маалымат берүү жагы сунушталсын.
3. Аксы токой чарбасынын Чер-Сай участкасындагы токойчусуна эскертүү берүү жана казылган жолдорду 10-апрелге чейин жолдорду калбына келтирүү жагы Аксы токой чарбасына сунушталсын.
4. Айыл өкмөттүн башчысы айылдарда өткөрүүчү чогулуштарынын мөөнөтүнүн графиги Аксы токой чарбасына жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мавляновго жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |