Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/5
Участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу, жаңы курамдагы ар бир шайлоо участкасына талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан участкалык шайлоо комиссиясынын иштөө убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу, жаңы курамдагы ар бир шайлоо участкасына талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын торагасы Ч.Кадыркуловдун сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн №2344 Семет шайлоо участкасынын, №2345 Кош-Дөбө шайлоо участкасынын, №2372 Торук шайлоо участкасынын, №2346 Улук шайлоо участкасынын, №2373 Мундуз шайлоо участкасынын, №2432 Сары-Кашка шайлоо участкасынын, №2433 Чие шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын курамдык резерви тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүп берүү жагы суралсын.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | З.Айтмаматов |