Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/6
Сары-Кашка айылынын тургуну, эмгектин ардагери Апасканов Садирдиндин Сары-Кашка маданият үйүнө ысмын берүү жөнүндө
Сары-Кашка айылынын тургуну, эмгектин ардагери Апасканов Садирдиндин Сары-Кашка маданият үйүнө ысмын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Кашка айылындагы Сары-Кашка маданият үйү эмгектин ардагери Апасканов Садирдин атындагы маданият үйү деп аталсын.
2. Апасканов Садирдин атындагы маданият үйүнүн айлан тегерегин иреттеп туруу жагы демилгелүү топко жана эмгектин ардагери С.Апаскановдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | З.Айтмаматов |