Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/7
Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жонүндө” 31.12.2014-жылдын №175 сандуу мыйзамын ишке ашыруу максатында жылкыларды идентификациядан өткөрүү үчүн тарифтик баасын коюу үчүн токтом кабыл алуу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн вет адиси А.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап VII чакырылышынын II кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. -Бир жылкыны идентификациялоо үчүн жылкыга тагуучу биркага жана ветеринардык адистин айлык акысы үчүн 85 (сексен беш ) сом; өлчөмүндө мал ээсинен алынсын.
-Бир баш жылкыга (чип үчүн) 165 (бир жүз алтымыш беш) сом;
Жалпы бир баш жылкыга 250 (эки жүз элүү) сом
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |