Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-марты № 6
«Таш-Кёмър Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчету».
“Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX - чакырылышынын кезектеги 20 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу «Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Б.Кулдышевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жана “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынынын ишмердүүлүгүндө кайталануу (дублирование) болуп жаткандыгына, жергиликтүү бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылгандыгына байланыштуу, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына жана “Таш-Кёмър Тазалык” муниципалдык ишканасынын Жобосунун 7-бёлъгънън 7.3-пунктуна ылайык, Таш-Көмүр шаардык Кенешинин депутаттарынын “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасын жабуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
3. “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасын жабуу, шаардык муниципалдык менчик департаментине кайра кошуу боюнча иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматты кийинки кезектеги сессияга даярдап алып чыгуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып кучүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы |
С.Кудайбердиев |