Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/8
Атана айылынын тургуну, маркум Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу эмгектин ардагери Мавлянов Жунайдын Борбордук китепканага ысмын берүү жөнүндө
Атана айылынын тургуну, маркум Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу эмгектин ардагери Мавлянов Жунайдын Борбордук китепканага ысмын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атана айылындагы Борбордук китепканага маркум Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу эмгектин ардагери Мавлянов Жунай атындагы китепкана деп аталсын.
2. Мавлянов Жунай атындагы Борбордук китепкананын айлан тегерегин иреттеп туруу жагы демилгелүү топко жана эмгектин ардагери Ж.Мавляновдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | З.Айтмаматов |