Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/9
Кош-Дөбө айыл аймагындагы атуулдардын кайрылуусу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагындагы оорулуу жардамга муктаж жашоочуларына социалдык жактан жардам көрсөтүү жана “Нооруз-2020”айылдар арасында сынак өткөрүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү оорулуу жардамга муктаж атуулдарга жана областык сынака барып келүүчү окуучуларга социалдык жардам иретинде акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Семет айылынын тургуну Осмонова Данаканга-20000 (жыйырма миң) сом
Улук айылынын тургуну Сүйналиева Уулканга- 20000 (жыйырма миң) сом
Чие айылынын тургуну Шерикбай уулу Медербекке-15000 (он беш миң) сом
Областык сынака барып келүүсүнө мектеп окууучуларына: Султанов орто мектебинин окуучусуна-1500 (бир миң беш жүз) сом жана Тойматов орто мектебинин окуучусуна- 1500 (бир миң беш жүз) сом
2. “Нооруз-2020” айылдар арасында сынак өткөрүү үчүн 120000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы аты аталган атуулдарга жана “Нооруз-2020” айылдар арасында сынак өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |