Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/10
2020-жыл эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагында “2020-жыл эл жана турак жай фондун каттоону” жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагында “2020-жыл эл жана турак жай фондун каттоо” жүргүзүү үчүн 130000 (бир жүз отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагында “2020-жыл эл жана турак жай фондун каттоо” жүргүзүүгө акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |