Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/11
Токтогул маданият үйүнүн башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Токтогул маданият үйүнүн башчысынын кайрылуусу боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Раманкуловдун сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул маданият үйүнүн башчысынын кайрылуусу боюнча Токтогул маданият үйүнө керектелүүчү буюмдарды алууга 50900 (элүү миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөттүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |