Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-февралы № 2/12
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдин ден-соолугун коргоп, кесиптик кызматтарын мыкты аткаргандыгы жана көп жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн №11 ҮБДТнын мед кызматкери Мамырбаева Айнура Кайкиевнага Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |