Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 7-августу № 4/1
Кош-Дөбө айыл аймагынын бюджеттинин аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын маалыматы жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Тасмабек уулу Болотбектин Кош-Дөбө айыл аймагынын бюджеттинин аткарылышы боюнча берген маалыматын Мавлянов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КошДөбө айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Тасмабек уулу Болотбектин берген маалыматы эске алынсын
2. Айыл өкмөттүн 2021-2023-жылдарга карата болжолдуу бюджети бекитилсин.
3. Айыл Өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн кошумча булактарды таап көбөйтүү жагы айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Айтмаматов |