Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-сентябры №5/1
“Мекемени кайра каттоо жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Мавлянов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси “Мавлянов айыл аймагынын айыл өкмөтү” деп өзгөртүлсүн. (мындан ары мекеме)
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: Мавлянов айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси
Расмий тилде: Учреждение Айыл өкмөтү Мавляновского айылного аймака
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Атана айылы, Чыныбек Болуш көчөсү №64
3. Мекеменин жобосу бекитилсин.
4. Аталган токтомду www.koshbobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын
Төрага | З.Айтмаматов |