Загрузка документа…
МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-сентябры № 5/2
Ар түрдүү маселелер боюнча:
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов атындагы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бүткүл дүйнөгө таркалып кеткен «COVID-19» коронавирус оорусуна каршы күрөшүп, элдин ден-соолугун коргоп, кесиптик кызматтарын мыкты аткаргандыгы жана көп жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн №11 ҮБДТнын мед кызматкерлери:
Жоробаев Асанкул Салиевич
Нөшкөнбаева Салтанат Айтмырзаевна
Абдыкалыкова Санталат Сапарбаевна
Жээнбаева Зыяда Рахмановна
Кадырова Чолпон Абдыталыповна
Айыл аймагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн
Караканов Закирбек
Жогорудагы аты аталган атуулдарга Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы берилсин.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевге жүктөлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | З.Айтмаматов |