Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-февралы № 25/1
Ак-Там айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдагы айылдык округунун бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Там айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышын толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитүү ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин билдирүүсүнүн негизинде эске алынсын.
2. Ак-Там айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын аткарылышын толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жана айыл аймагынын башчысы М.Камчыбековго тапшырылсын.
Ак-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Досалиев |