Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-февралы № 48 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча чаралардын пакетин бекитүү жөнүндө 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын
Комплекстүү өнүктүрүүнүн не-гизинде жана
"2010-жылга чейин элетти комплекстүү өнүктүрүү" КыргызРеспубликасынын Улуттук стратегиясында белгиленген чечимдерди аткаруу,дене тарбиялоо жана ден соолукту чыњдоо, айыл калкын физикалык жанаадеп-ахлактык ден соолугун кайра жандандыруу проблемаларды комплекстүүчечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде денетарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча чаралардын тиркелген
пакети (мын-дан ары - Чаралардын пакети) № 1, 2, 3 тиркемелери менен бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - Чаралардын пакетин ишке ашырууну камсыздашсын; - Чаралар пакетин аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынТуризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетине жыл са-йын 1-февралга чейин маалымат берип турушсун. 3. Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнчамамлекеттик комитети: - Чаралар пакетинин жана ишке ашырылышы боюнча контролду камсызкылсын; - жасалган иштер жөнүндө жыл сайын жылдын жыйынтыктары боюнча Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө 15-февралга чейин маалымат берип турсун. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөжана Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнчамамлекеттик комитетине жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-февралындагы № 48 токтому менен бекитилген
2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча чаралардын пакети (
"2010-жылга чейин элетти комплекстүү өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын Улуттук программасын ишке ашыруу алкагында) Долбоорду иштеп чыгуучу: Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттж комитети 1. Паспорт 2. Киришүү 3. Проблемалардын мазмуну жана аны программалык методдор менен чечүү зарылдыгын негиздөө 4. Программанын максаттары жана милдеттери 5. Программаны ишке ашыруу этаптары 6. Программаны нормативдик укуктук жактан камсыздоо 7. Айыл жерлеринде дене тарбияны өнүктүрүүнү илимий-методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо 8. Финансылык-техникалык камсыздоо 9. Программаны ишке ашырууну кадрлар менен камсыздоо 10. Социалдык мобилизация 11. Программанын иш-чаралары 12. Программаны ишке ашырууда мамлекеттик органдардын функциялары жана ыйгарым укуктары 13. Программаны ишке ашыруунун механизми 14. Программаны ишке ашыруунун социалдык-экономикалык жана экологиялык тыянактарынын натыйжалуулугун баалоо 15. Корутунду 1. Паспорт -----------------------------------------------------------------------|Программанын аталышы |Айыл жерлеринде 2010-жылга чейин дене тарбия|| |жана спортту өнүктүрүү боюнча чаралардын пакети||---------------------|-----------------------------------------------||Программаны иштеп чы-|Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин||гуу үчүн негиз |өнүктүрүүнүн комплекстүү негизинде,|| |2003-2005-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республи-|| |касында кедейчиликти кыскартуунун улуттук стра-|| |тегиясында жана "2010-жылга чейин элетти комп-|| |лекстүү өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын улут-|| |тук программасында белгиленген чечимдерди атка-|| |руу ||---------------------|-----------------------------------------------||Программанын коорди-|Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-||натору |рациясынын КОР боюнча секретариаты, Кыргыз Рес-|| |публикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты|| |боюнча мамлекеттик комитети, Жергиликтүү өз ал-|| |дынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери|| |боюнча министри ||---------------------|-----------------------------------------------||Программаны ишке ашы-|Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл, суу чарба||руу үчүн жооптуу Кыр-|жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Жерги-||гыз Республикасынын|ликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук||министрликтери жана|өнүктүрүү иштери боюнча министри, Билим берүү||ведомстволору |министрлиги, Туризм, спорт жана жаштар саясаты|| |боюнча мамлекеттик комитети ||---------------------|-----------------------------------------------||Программанын ишке|Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене||ашырууга катышкан ко-|тарбия жана спорт боюнча кењеш, спорттун||омдук уюмдар, бийлик-|түрлөрү боюнча республикалык федерациялар,||тин региондук орган-|айылдык дене тарбия-спорт коомдору, жергиликтүү||дары жана башкарма-|мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз||лыктары |алдынча башкаруу органдары, дене тарбия жана|| |спорт боюнча региондук мамлекеттик башкаруу ор-|| |гандары ||---------------------|-----------------------------------------------||Программанын милдет-|1. Айылдык калкка дене тарбия жана спорт менен||тери |машыгууга мүмкүндүк берүү || |2. Айылдык калктын, өзгөчө балдардын жана жаш-|| |тардын дене тарбия жана спортко такай машыгуу-|| |сун, сергек жашоо-мүнөзү, ушул тармак боюнча|| |билим дењгээлин жогорулатууга туруктуу кызыгуу-|| |сун калыптандыруу || |3. Айыл жерлеринде дене тарбия жана спортту|| |өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү багы-|| |тындагы региондук нормативдик укуктук актыларды|| |иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу || |4. Дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн|| |материалдык-техникалык базаны чыњдоо. ||---------------------|-----------------------------------------------||Программаны ишке ашы-|2004-2010-жылдар: ||руу мөөнөттөрү жана|1-этап - 2005-2006-жылдар ||этаптары |2-этап - 2007-2010-жылдар ||---------------------|-----------------------------------------------||Программанын негизги|Спорт курулмаларын капиталдык ремонттоо жана||иш-чаралары |реконструкциялоо. || |Спорт курулмаларын курулуштарын аяктоо. || |Жањы спорт курулмаларын куруу. || |Спорт курулмаларын күтүү. || |Спорттук мекемелерди спорттук инвентарлар, фор-|| |ма кийимдери, жабдуулар менен камсыз кылуу. || |Айыл калкына дене тарбия жагынан билим берүү,|| |сергек жашоо мүнөзү боюнча, анын ичинде ММК ар-|| |кылуу пропагандалык иш-чараларды жүргүзүү. || |Физкультуралык-ден соолукту чыњцоочу жана|| |спорттук бирикмелерди, борборлорду, клубдарды,|| |мектептерди (алардын иш-аракетине дотация|| |берүү) күтүү. || |Физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу жана|| |спорттук иш-чаралар. ||---------------------|-----------------------------------------------||Программаны каржылоо|Республикалык бюджет, жергиликтүү бюджет,||булактары |демөөрчүлүк, бюджеттен тышкары каражаттар. ||---------------------|-----------------------------------------------||Программаны ишке ашы-|- Балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаштардын дене жа-||руудан күтүлүүчү на-|гынан саламаттыгын кыйла жакшыртуу, алардын Ме-||тыйжалар |кенди коргоого, өндүрүмдүү эмгектенүүгө даярды-|| |гын жогорулатуу; || |- жаштар чөйрөсүндө бањгиликтин, аракечтиктин|| |жана кылмыштуулуктун дењгээлин азайтуу, сергек|| |жашоо мүнөзүн пропагандалоо; || |- физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу жана|| |спорттук курулуштар тармагын өнүктүрүү; || |- Кыргызстандын курама командаларынын спорттук|| |резервин даярдоо үчүн азыркы учурга ылайык или-|| |мий-практикалык база түзүү; || |- дене жагынан тарбиялоону өнүктүрүүгө жана|| |балдар-өспүрүмдөр спортуна катышуучу мамлекет-|| |тик мекемелер менен коомдук уюмдардын иш-ара-|| |кеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу. |----------------------------------------------------------------------- 2. Киришүү Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн жак-шыртууга коюлган багыт, инсандын рухий жана адеп-ахлактык жактанөнүгүшү республиканын калкынын ден соолугун чыњдоо боюнча такай камкор-дук көрүүнү, ушул максатта дене тарбия жана спортту активдүү пайдалану-уну талап кылат. Дене тарбия төмөндөгү көптөгөн компоненттерди: кыймылдоо ак-тивдүүлүгүнүн маданиятын, дем алууну, тамактанууну, массажды, медитаци-яны чыњдоону, табияттын факторлорун пайдаланууну өзүнө камтыйт. Денетарбияны ушундай кењири мааниде кароо ал жашоонуи сергек мүнөзүн калып-тандыруунун негизи жана кыймылдаткыч күчү экендигин ачык-айкынкөрсөтөт. Калкты дене тарбия жактан тарбиялоо, республикада массалыкдене тарбия кыймылын өнүктүрүү милдеттүү болуп эсептелет жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мамлекет тарабынанкаржыланат. Дене тарбияны өнүктүрүүнүн максаты оорулардын алдын алуу, ден соо-лукту чыњдоо, адамдардын ишке жөндөмдүүлүгүн колдоо, укук бузуулардыналдын алуу, бањгиликти, аракечтикти жана башка жаман адаттарды четкекагуу, өсүп бараткан муунду Мекенди коргоого даярдоо, дене тарбия жанаспорт менен машыгууга бирдей жеткиликтүүлүккө жарандардын укуктарынкамсыздоону ишке ашыруу болуп эсептелет. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынкабыл алынышы денени өнүктүрүүнүн жана ар бир адамга таандык болгон са-паттарды өркүндөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун негизинде элдинден соолугун камсыздоонун жањы системасынын калыптанышын аныктады. 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн комплекстүү не-гизи (ӨКН) жана Кедейликти кыскартуунун улуттук стратегиясы (ККУС)калктын сергек жашоо мүнөзүн киргизүүнү, калктын үзгүлтүксүз дене тар-биясынын системасын түзүүнү, жашына, социалдык абалына жана жашоодењгээлине карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн денетарбия жана спорт менен машыгууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн шарт-тарды түзүүнү карайт. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү сергек коомду калыптандыруунунмаанилүү фактору болуп эсептелет. Ден соолугу чыњ улут - бул өлкөнүнөсүп-өнүүсүнүн негизи жана потенциалы, ал жалпысынан өлкөнүн андан аркыөнүгүүсүн аныктайт. 3. Проблемалардын мазмуну жана аны программалык методдор менен чечүү зарылдыгын негиздөө Дене тарбия жана спорттун өнүгүшүн талдоо Кыргызстанда өсүп кележаткан муундун дене тарбия жагынан даярдыгы кескин түрдө төмөндөгөнүнкөрсөтөт. Балдардын, окуучулардын, студенттердин 80%ти ден соолугу на-чар, алардын 50%тен ашыгынын дене тарбия жактан даярдыгы таптакыр кана-аттандырарлык эмес. Жылдан жылга өспүрүм балдардын спорт мектептеринин саны кескинтүрдө кыскарууда. 2004-жылга карата спорт мектептеринде машыккандардынсаны 50 мињ адамга кыскарган. Жакырчылыктын дењгээли республика боюнча орточо көрсөткүчтөрдүнбир топ жогору турган айыл региондорунун, райондордун тургундары коом-чулукта өзгөчө тынчсызданууну туудурат. Жакырчылык социалдык жана саясий дестабилдештирүү факторуна айла-нууда, жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуу кызыкчылыгынынтөмөндөшү да ушундан болууда. Дене тарбия жактан өнүгүү дењгээлининтөмөндөшү жаштардын көптөгөн проблемасын - кылмыш иштерине баруу,бањгилик, сойкулук, жумушсуздук, турмушта өз ордун таба албагандык сы-яктуу проблемаларды жаратууда. Ошону менен бирге, жаштар кандай болбо-сун каалаган мамлекеттин өнүгүүсүндө негизги кыймылдаткыч күч экендигинунутпоо керек. Ден соолукту чыњдоо жана спорт курулмалары тармагынын кыскаруутенденциясы уланууда. Экономикалык жактан жөндөмсүз деген шылтоо мененишканалар жана уюмдар спорт жана ден соолукту чыњдоо объекттерин кармо-одон баш тартышат, аларды жабышат, сатышат, башка менчик ээлеринеөткөрүп беришет же өзүнүн багыты боюнча пайдаланышпайт. Бюджеттик кар-жылоо толугу менен дене тарбия жана спорттун өнүгүү муктаждыгын камсыз-дабайт, жалпыга маалымдоо каражаттарында сергек жашоо мүнөзүн жана физ-культуранын баалуулуктарын пропагандалоо жок. Мурдагы "Колхозчу" айылдык спорт коомдору жоюлган. Республикада дене тарбия, спорт жана туризмдин натыйжалуу иш-ара-кети айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы, транспорт жана байланыш, соодажана коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ишканалары сыяк-туу тармактарды өнүктүрүүгө, ошондой эле адамдын омоктуу өнүгүшү жанареспубликада жакырчылыкты жоюу үчүн чоњ түрткү берет. 4. Программанын максаттары жана милдеттери Программанын негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр болупсаналат: - айыл калкынын дене тарбия жана ден соолугун чыњдоо боюнча денетарбия жана руханий өркүндөтүүгө жана дене тарбия жана спорт менен ма-шыгуу үчүн ањ-сезимдүү муктаждыкты түзүүгө багытталган проблемаларынкомплекстүү чечүү; - айыл жериндеги калктын дене тарбия жана адеп-ахлактык ден соолу-гун кайра жандандыруу, оорулардын, жаракат алуунун, кылмыштуулуктун,бањгиликтин жана аракечтиктин алдын алуу жана дењгээлин азайтуу; - айыл райондорунун өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен дене тарбиянынөнүгүшүнүн жањы дењгээлине алып чыгууга жөндөмдүү финансылык, уюшту-руу-методикалык жана маалыматтык-пропагандалоо чараларынын конкреттүүкомплексин иштеп чыгуу. Программанын бул максаттарына жетишүү төмөнкү милдеттерди чечүүменен ишке ашырылат: - дене тарбиянын жана спорттун тиешелүү инфраструктурасын түзүү; - дене тарбия боюнча даярдыктын милдеттүү нормативдик талаптарыныннегизинде дене тарбиясынын сапатын жогорулатуу; - балдардын, окуучу жаштардын ден соолугунун жана дене жагынанөнүгүшүнүн дењгээлин - түпкү жыйынтыгын эске алуу менен машыктыруу-чу-окутуучулардын, тарбиячы-мугалимдердин, медперсоналдын квалификация-сын жогорулатуу жана ишин стимулдоо; - маалымдоо каражаттарын негизинен спортту пропагандалоодон, бар-дыгы үчүн сергек жашоо образынын негизи катары спортту жана дене тарби-яны пропагандалоого багыт берүү; - айыл калкынын ден соолугунун абалы боюнча медициналык жана врач-тык контролду камсыз кылуу, анткени алар калкты дене жагынан тарбиялоосистемасынын негизги маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат; - өз алдынча дене тарбия менен машыгууга телекөрсөтүү жана радиоаркылуу көрүүчүлөр менен жана угуучулардын кызыкчылыгын арттыруучу,ушул тармакта билим берүүчү, активдүү жашоо мүнөзүнө жарандардын мук-таждыгын түзгөн ден соолук чыњдоочу багыттагы күндөлүк берүүлөрдү уюш-туруу; - калктын, биринчи кезекте мектеп окуучуларынын, жаштардын ак-тивдүү жана сергек жашоо мүнөзүнө муктаждыгын түзүү, бул муктаждыктыишке ашыруу үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү; - айыл калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарт-тарды түзүү; - айыл жерлериндеги райондордун аймагында физкультуралык-ден соо-лукту чыњдоо жана спорттук курулмаларды бирдей жайгаштыруу; - колдонуудагы физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу жана спорттуккурулуштарды тике багыты боюнча пайдалануу. Ушул курулмалардагы кызматкөрсөтүүлөрдүн зарыл дењгээлин жана аларга калктын барышына жетки-ликтүүлүктү камсыз кылуу; - физкультуралык-ден соолукту чыњдоо жана спорттук курулмалардынээлеринин кызыкчылыгын жараткан керектүү шарттарды (жергиликтүү салыксалуу, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр - суу, жылуулук, электрэнергиятармагында) түзүү, аларды тике багытта пайдалануу, спорт курулмаларынкалктын көпчүлүгүнө жеткиликтүү кылуу менен, аларда машыгууга болушунчакөп адамды тартуу; - райондордун айыл жергесиндеги калкын спорттук товарлар мененборбордоштурулган камсыздоо системасын түзүү; - мүмкүнчүлүккө жараша спорт товарларын өзүбүздө чыгаруунуөнүктүрүү; - "ден соолукта болуу абдан пайдалуу", "дене тарбияга - тазачөйрө", "ден соолугунду жашыњан сакта" принциптери боюнча калктын сер-гек жашоо мүнөзүн калыптандыруу үчүн социалдык-экономикалык, укуктук,экологиялык шарттарды камсыздоочу жетишпеген нормативдик жана маалыматбазасын даярдоо; - дене тарбия жана спорттун, сергек жашоо образынын ден соолуктучыњдоо, тарбиялоо жана социалдык-экономикалык ролуна жеткире баабербөөнүн көндүмгө айланган багытын өзгөртүү, "дарылансањ айыгасыњ" де-ген тар түшүнүктөн арылуу; - телекөрсөтүүнү, радиону, гезиттерди, дене тарбия-спорт майрамда-рын, мелдештерди, лекциялык пропаганданы, маектерди пайдалануу мененсергек жашоо мүнөзүнүн негизи катары дене тарбия тармагында балдардынжана жаштардын өз алдынча жана үзгүлтүксүз билим алышына шарттарды жанаөбөлгөлөрдү түзүү. 5. Программаны ишке ашыруунун этаптары Программалык иш-чараларды аткаруу айыл жергелеринде калктын денсоолугун жакшыртууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзөт, жаштардын дене жагынандаярдык дењгээлин жогорулатат, ал түпкү натыйжасында коомдун экономика-лык жана адеп-ахлактык абалына оњ таасир тийгизет. Бул максатка этап-этабы менен жетишүүгө болот, 2005-2006-жылдарда-гы биринчи этабында нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу, айыл жерле-риндеги райондордун инфраструктурасын өнүктүрүү ишке ашырылат. 2007-2010-жылдардагы экинчи этабында физкультуралык-ден соолуктучыњдоо жана спорттук иш-чараларды иш практикасына киргизүү жүргүзүлөт. 6. Программаны нормативдик укуктук жактан камсыздоо "Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнчамамлекеттик комитетинин структурасында физкультура жана спорт боюнчаоблустук башкармалыктарды түзүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомун кабыл алуу биринчи кезектеги милдет болуп саналат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүүгөтигил же бул дењгээлде таасир тийгизген мыйзамдардын тиешелүү долбоор-лорун иштеп чыгуу менен Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишине активдүү катышуу-га, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде денетарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча практикалык иш-аракеттер үчүн нор-мативдик базаны иштеп чыгууга жана түзүүгө тийиш. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджетиндеги дене тарбияга болгон чыгым-дар акырындап өсүшү керек жана бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн кеминде0,3%тине жетиши керек. 7. Айыл жерлериндеги дене тарбия жактан өнүктүрүүнү илимий-методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо Калктын ар кандай категорияларынын жана топторунун, айрыкча балдарменен окуучу жаштардын дене жагынан даярдыгын чыњ ден соолукта өсүшүнүнмониторинг системасын киргизүү керек. Мониторингдин жыйынтыктары кырда-алды оперативдүү талдоого айыл калкынын жашоосунун климаттык, географи-ялык шарттарын эске алуу менен программаларды иштеп чыгууга мүмкүндүкберет. 8. Финансылык-техникалык камсыздоо Финансылык-техникалык камсыздоо программанын негизги бөлүгү болупэсептелет. Ресурстар менен камсыздалбаган программаны бекитүү жана ат-карууга кабыл алуу максатка ылайыксыз. Айыл жерлеринде дене тарбияныжана массалык спортту каржылоонун муктаждыгы бүгүнкү күндө орто эсепменен 2-3%ке жабылаарын эске алуу керек. Программаны каржылоону натый-жалуу жана толук камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттик жанабюджеттик эмес булактардан түшкөн каражаттарды бириктирүү максатындадене тарбия жана спорт фонддорун түзүүгө тийиш. Физкультура жана спортту каржылоого кеткен ассигнованиелер облус-тун, райондордун, айыл өкмөттөрүнүн бюджетинде өзүнчө сап мененкөрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, жергиликтүүмамлекеттик администрациялар окуу жайларын, дене тарбия жана спорт ба-гытындагы кошумча билим берүү мекемелерин дене тарбия боюнча окуу прог-раммаларын аткаруу үчүн зарыл болгон инвентарь жана жабдуулар мененкамсыздашат. Дене тарбияны мамлекеттик колдоонун конкреттүү формалары: - республикалык жана жергиликтүү бюджеттен дене тарбияны мамлекет-тик каржылоо; - жергиликтүү бийлик органдарынын компетенттүүлүгүнүн чектериндедене тарбия жана спорт мекемелери менен уюмдарынын иш-аракеттерин са-лыктык жөнгө салуу, демөөрчү - юридикалык жана жеке жактар жагынан денетарбия жана спортту өнүктүрүүгө стимулдоочу салымдар (взностор). 9. Программаны ишке ашырууну кадрлар менен камсыздоо Республикада "дене тарбия жана спорт" тармагы үчүн кадрларды даяр-доону Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту, анын Жалалабат мамле-кеттик университетиндеги филиалы, ошондой эле Ш.Сыдыков атындагы Олим-пия резервинин республикалык окуу жайы жүргүзөт. Бирок айлык акынын аздыгынан, социалдык жактан корголбогондуктан,жашоо жайынын жоктугунан жаш адистер айыл региондорунда калышпайт.Проблемаларды чечүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, об-лустардын, райондордун дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик башка-руу органдарына төмөнкүлөр зарыл; - дене тарбия жана спорт боюнча адистерге болгон муктаждыкты так-тоо үчүн тиешелүү суроо-талаптарды чогултуп, аларды жылдар жана адис-тиктер боюнча талдоо; - айыл жергеси үчүн адистерди даярдоону жана кайра даярдоону алар-ды окууга жиберген уюмдардын эсебинен жүргүзүү же жарым-жартылай бор-доштурулган бюджеттик каражаттардын эсебинен кайра даярдоо; - айыл жерлериндеги дене тарбия боюнча иштеген адистерди материал-дык жана моралдык жактан колдоо системасын түзүү; - райондун, облустун жыл сайын айыл жерлеринде дене тарбия боюнчаиштеген 10, 20, 30 мыкты кызматкерлерине конкурс өткөрүү. Конкурстунжыйынтыктарын жењүүчүлөрдүн аты-жөнүн көрсөтүү менен жергиликтүү басмасөзгө жарыялоо. 10. Социалдык мобилизация Муктаждыкты, адамдардын кызыкчылыгын, көз карашын өзгөртүш үчүнайыл калкы дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарттарды түзүү иш-терине тартылууга тийиш. Райондордун жана айыл өкмөттөрдүн дењгээлиндеар кандай коомдук, менчик, кооперативдик физкультуралык-ден соолуктучыњдоочу бирикмелер, борборлор, клубдар түзүлүүгө тийиш. Пропагандалыкишке турмуш жолу дене тарбия жана спорт менен тыгыз байланышкан жанасергек жашоо мүнөзүнүн үлгүсү болгон көрүнүктүү окумуштуулар, маданият-ка эмгек сињирген ишмерлер, эмгек сињирген машыктыруучулар, белгилүүспортсмендер тартылууга тийиш. "Ашар" ыкмасы менен жөнөкөй спорт аянт-чаларын куруу, ремонттоо, балдардын спорттук шаарчаларын жабдуу керек.Спорттун улуттук түрлөрү жана башкалар боюнча калктын ар кандай курагы-нын арасында спорттук-массалык мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү зарыл. Программаны камсыздоо боюнча кабыл алынуучу нормативдик укуктукактыларга төмөндөгүдөй иш-чаралар кирет: - айыл жерлеринде дене тарбия кызматкерлерин, ошондой эле денетарбия жана спорт менен машыккан жарандарды социалдык жактан коргоо; - мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын дене тарби-яны коргоо жана өнүктүрүү боюнча жоопкерчилиги; - дене тарбия тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруубийликтин органдарына алгылыктуу ыйгарым укуктарды берүү жана алардынстабилдүүлүгүн камсыздоо. 11. Программанын иш-чаралары Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн айыл жерлеринде денетарбия жана спорт мекемелеринин, спорт сарайларынын, спорт залдарынынжана аянтчаларынын, физкультуралык-ден соолукту чыњдоочу борборлордунишин уюштуруу зарыл. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Туризм, спортжана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети республикада физкульту-ралык-спорттук курулмалардын адистештирилген башкармалыктарын түзүшүкерек, ал тийиштүү шарттар болгондо мындай курулуштарды куруу, ремонт-тоо, эксплуатациялоо боюнча келип чыгуучу бардык маселелерди кесиптикжактан чечүүгө мүмкүндүк берет: - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда спорттук курулмалардыкуруу, ремонттоо, эксплуатациялоо боюнча бөлүмдөр болушу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында дене тарбия жанаспортту өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлеринин штатын киргизүү; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги айылдарда физкультуралык-спорттук коомдорду түзүшү за-рыл; - дене тарбия жана спорт мекемелерин керектүү жабдуулар жана ин-вентарь менен камсыздоо керек. Кыргыз Республикарынын облустарынын, райондорунун мамлекеттик ад-министрациялары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башка-руу, региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри бардык дене тарбия жанаспорт мекемелерин айыл жерлеринде калкты дене тарбия боюнча окуу прог-раммаларын аткаруу үчүн керек болгон жабдуулар менен камсыздоолору ке-рек; - массалык физкультуралык-спорттук иш-чараларды уюштуруу (Айылспартакиадасы ж.б.). Физкультура-массалык спорт боюнча иш-чаралар төмөнкүдөй болуугатийиш: - мөөнөтү жана өткөрүү орду боюнча жеткиликтүү; - катышуучулар үчүн жењил; - бардыгы көргүдөй, көрсөтмөлүү, эстетикалуу; - катышуучулар, көрүүчүлөр үчүн коопсуз. Массалык спорт боюнча иш-чараларды уюштурууда программалык милдет-терди аткаруу үчүн чечүүнүн төмөнкүдөй жолдорун кароо зарыл: Мамтурспортком республикалык спорттук массалык иш-чаралардын жанаэл аралык мелдештердин календарлык планына Айыл жаштарынын арасындареспубликалык спартакиаданы өткөрүүнү киргизиши; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлиги тарабынан айыл чарба кызматкерлердин арасында спорттук-мас-салык жана ден соолукту чыњдоо иш-чараларынын календарлык планын иштепчыгуусу. Спорттук иш-чараларды түздөн-түз өткөрүүнү айылдарда түзүлгөнспорттук коомдорго жүктөө керек. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги "Биз менен ойно","Спорт бардыга үчүн", "Олимпиадачылар биздин арабызда" деген аталыштагыфестивалдарды, эњ мыкты дене тарбия мугалимине, машыктыруучу-окутуучу-га, бардык типтеги билим берүү мекемелеринде дене тарбияны жакшы уюшту-руу үчүн конкурстарды өткөрүүсү зарыл. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана реги-ондук өнүктүрүү иштери боюнча министри, Кыргыз Республикасынын Билимберүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар са-ясаты боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аткаруу мөөнөттөрүн жанажооптууларды көрсөтүү менен дене тарбия-спорт боюнча иш-чараларды даяр-доо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгышы керек. Физкультуралык-спорттук иш-чараларды өткөрүү планы уюштуруу коми-тетинин заседаниесинде бекитилиши керек. 12. Программаны ишке ашырууда мамлекеттик органдардын функциялары жана ыйгарым укуктары Физкультура жана спортту башкаруунун мамлекеттик жана коомдук ор-гандарынын жөнгө салынган жана координацияланган ишин камсыздоо: - айыл жерлеринде мезгил талаптарына жооп берген физкультура жанаспортту өнүктүрүүнүн нормативдик базасын чыгармачылык менен пайдалануу; - физкультураны мамлекеттик башкаруунун өзүнчө органынын иштешининтуруктуулугу; - физкультураны мамлекеттик башкаруу органдарына иш-чараларды баш-каруу жана уюштуруу ишине жөндөмдүү тармактын мыкты адистерин тартуу; - физкультураны каржылоонун жана айыл жерлеринде сергек жашоомүнөзүн түзүүнүн нормативдерин иштеп чыгуу; - айыл жерлеринде калктын физкультура жактан даярдыгынын жанаөнүгүшүнүн мониторингин жүргүзүү; - башкаруунун мамлекеттик жана коомдук органдарынын уюштуруу иши-нин, айылдын дене тарбия кыймылын башкаруунун топтомо планын даярдоо; - физкультура тармагында коомдук бирикмелердин ишин координация-лоо; - дене-тарбия жана спорт фондун түзүү; - физкультура системасынын негизги бөлүгү айылдарда физкульту-ра-спорт коомдору, физкультуралык-ден соолукту чындоо клубдары, бал-дар-өспүрүмдөр спорт клубдары (ДЮСШ) экендигин белгилөө. 13. Программаны ишке ашыруу механизми Ден соолуктун жана дене тарбияга оњ мамиле жасоонун пайдубалы балакезде эле түптөлөт, ошондуктан дал ушул этапка жакынкы жылдары өзгөчөкөњүл буруу зарыл. Негизги аракеттер төмөнкүлөр жумшалууга зарыл: - айыл калкын дене тарбия жагынан программалык-усулдук жана уюшту-руучулук жактан камсыздалышын өркүндөтүү; - мектепке чейинки, мектептик мекемелердин жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарында балдар, өспүрүмдөр, окуучу жаштар үчүн 6-8 саат-тан кем эмес жана улуулар үчүн 3-4 сааттан кем эмес кыймыл ак-тивдүүлүгүнүн көлөмүн камсыздоого мүмкүндүк берген спорт залды, бас-сейнди, түздүктө жайгашкан курулмаларды камтыган комплекстүү физкульту-ралык-спорттук борборлорду түзүү; - жашына, социалдык абалына жана жашоо дењгээлине карабастан, айылжерлеринде жашаган бардык жарандардын ден соолугу жана сергек жашоо об-разын калыптандыруу үчүн облустардын, райондордун мамлекеттик админист-рацияларынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруужана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министринин, Кыргыз Республика-сынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жооп-керчилигин жогорулатуу. Дене тарбия жана билим берүүнү ишке ашыруу механизми төмөнкүлөраркылуу ишке ашырылууга тийиш: - физкультура (дене тарбия) сабагы боюнча окуулардын сабактүрлөрү; - дене тарбия көнүгүүлөрү жана спорт менен кошумча (факультатив-дик) машыгуулар; - спорт мектептеринде, спорт секцияларында машыгуулар, өз алдынчамашыгуулар; - спорттук-массалык жана физкультуралык-ден соолукту чыњдоочуиш-чаралар. 14. Программаны ишке ашыруунун социалдык-экономикалык жана экологиялык тыянактарынын натыйжалуулугун баалоо Азыркы күндө физкультуранын көптөгөн маанилүү таасирлерин сом,пайда, башка экономикалык категориялар менен ченөөгө мүмкүн эмес. Бирок, дене тарбиянын төмөнкү натыйжаларын санап өтсө болот: - убактылуу ишке жарамсыздыгы, оорулуу балдарды багуу боюнча ишкүндөрүн жоготууну (бул жоготуулар дене тарбия менен машыкпагандаргакараганда машыккандардыкы 2,5-3 эсеге аз) азайтуу менен байланыштууэкономикалык натыйжа. Ар бир курактык топто өлүм жөнүндө маалыматтарбар; - бањгиликтин жана алкоголизмдин дењгээлин азайтуудан үнөмдөө(эксперттик баалоо); - ишке жөндөмдүү куракта (дене тарбия менен машыгуу жашоонун узак-тыгын, башка бирдей шарттарда калктын ишке жөндөмдүүлүгүн 3-4 жылга жо-горулатат) адамдардын өлүү дењгээлин азайтуудан алынган тике экономика-лык натыйжа. Ар бир курактык топто өлүм жөнүндө маалыматтар бар; - өндүрүштүк жана тиричилик жактан жаракат алуунун залдары катарымайыптыгын азайтуудан алынган экономикалык натыйжа (болжол менен 1, 5-2эсе); - иштегендердин жалпы иш жөндөмдүүлүгүн жогорулатуудан алынган ти-ке экономикалык натыйжа (ар кандай изилдөөлөр боюнча дене тарбия жанаспорт менен машыккандардын иш жөндөмдүүлүгү 1%дан 5%ке чейин түзөт). 15. Корутунду Программаны мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттердин, саламаттык сак-тоонун, билим берүүнүн, фонддордун жана коомдук бирикмелердин каражат-тарынан, ошондой эле бөлүнгөн гранттардын жана инвестициялардын эсеби-нен ишке ашыруу каралат. Аны ишке ашыруунун натыйжасы катары төмөнкүлөр эсептелет: - балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаштардын ден соолугун чыњдоо, алардынөндүрүмдүү ишке жана Мекенди коргоого даярдыгын жогорулатуу; - жаштар чөйрөсүндө бањгилик, аракечтик жана криминал дењгээлинтөмөндөтүү жана жаштардын сергек жашоо мүнөзүн киргизүү; - физкультуралык-ден соолукту чыњдоо жана спорттук курулмалар тар-магын өнүктүрүү; - Кыргызстандын курама командаларынын спорттук резервин даярдооүчүн азыркы учурдагы илимий-практикалык базасын түзүү; - дене тарбия жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө катышканмамлекеттик мекемелердин жана коомдук уюмдардын иш-аракеттеринин натый-жалуулугун жогорулатуу.