Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-февралы № 25/2
Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2020-жылга айылдык аймагынын бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө.
Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2020-жылга айылдык аймагынын бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сметасын бекитүү максатында Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Там айыл аймагынын 2020-жылга бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сметасы статьялар жана тармактар боюнча тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Айыл аймагынын бюджетинин 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн сметасы 13004,6 миң сом, атайын төлөм каражатынын 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн сметасы 1480,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Там айылдык округунун ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жана айыл аймагынын башчысы М.Камчыбековго тапшырылсын.
Ак-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Досалиев |