Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 26/1
“Ак-Там айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүкчөсүнүн негизинде айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин колдонулган жер салыгынын ставкаларын жердин балл бонитетине жараша 3 эсеге чейинки жогорулатуу боюнча
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 2019-жылдагы айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин колдонулган жер салыгынын ставкаларын жердин балл бонитетине жараша 3 эсеге чейинки жогорулатуу боюнча өлчөмүн кароо жөнүндө маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Там айылдык кеңешинин ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Там айылдык аймагында жер салыгынын ставкалары жердин балл бонитетине жараша төмөндөгүдөй бекитилсин
Суулу жер | Кайракы | Бак | Сенокос | Пастбища |
10% | 50% | 100% | 100% | 40% |
2. Ак-Там айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин Ак-Там айылдык аймагындагы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүкчөсүнүн негизинде айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин колдонулган жер салыгынын ставкаларын жердин балл бонитетине жараша 2020-жылдан баштап иш жүзүнө ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Там айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспектору М.Мамбетовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.
Ак-Там айылдык кеңешинин төрагасы | С.Досалиев |