Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 26/2
Ак-Там айылдык аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүулөрдү киргизүү жөнүндө 2009-жыл 27-июль №229 санында 339 статьясынын 4-бөлүгүнүн негизине таянып айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенттин кароо жөнүндө каралган маселелерди угуп жана талкууга алып, Ак-Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жогорудагы белгиленген зоналдык коэффициенттер бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Там айылдык салык бөлүмүнүн башчысы М.Мамбетовго жүктөлсүн.
Ак-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Досалиев |
ТИРКЕМЕ №1
Кыргыз Республикасынын салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2009-жыл 27-июль № 255 санында 339-статьясынын 4-бөлүгүнүн негизинде 2020-жылга мүлк жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрү.
к/н | Тармактардын аталышы | Кз зоналдык коэффициенти |
1 | Жарнамалар, курулмалар | 1,2 |
2 | Мейманканалар, оюн зоок жайлар,банктар, ломбарддар,акча алмаштыруу пункттары | 1,0 |
3 | Авто май куюуучу жайлар, автосервис ишканалары | 1,2 |
4 | Чакан базарлар, мал базарлар, тоют жем сатуу базарлары | 0,5 |
5 | Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүү ишканалары | 0,8 |
6 | Дүкөндөр, киоскалар, ларектр жана башка соода мекемелери | 1,2 |
7 | Администрациялык офистик имараттар, бизнес борборлору | 1,2 |
8 | Өнөр-жай транспорт курулуш , байланыш жана энергетика мшканалары | 1,2 |
9 | Илим билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, маданияттын жана спротттун комерциялык мекемелери | 0,7 |
10 | Иштелип жаткан кендер, кареърлер, шахталар, разьезддер, таштанды төгүүчү жайлар | 1,2 |
11 | Геологиялык чалгындоо, долборлоо-иликтөө, чалгындоо жана иликтөөчү жайлар. | 1,2 |
12 | Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар,оңдоо устанаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарбалык жайлар жана башка айыл өндурүштүк имараттары) | 0,7 |
13 | Коргонуу спорт техникалык уюмдар | 0,3 |
14 | Авто токтоочу жайлар | 0,3 |
15 | Кен өнөр жайынын ишканалары | 1,2 |
16 | Байланыш жана электр берүүлөрдүн аба линиялары | 1,2 |