Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы № 26/3
Ак-Там айылдык аймагындагы Кыргыз Республикасыны Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2020-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын салык кодексине 339-беренесинин негизинде 2020-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентин тармактар боюнча өлчөмүн кароо жөнүндө маселелерди угуп жана талкууга алып, Ак-Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Там айылдык аймагында зоналдык К-3 коэффициенттинин тармактар боюнча 0,3төн 1,2чейинки өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Там айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин “ Ак-Там айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2020-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомун www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышн камсыз кылуу Ак-Там айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспектору М.Мамбетовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Там айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Досалиев |