Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-сентябры № 27/2
Жапа –Салды айылындагы мектептин аянтынан айылга спорт зал курууга жер ажыратып берүү жөнүндө.
Жапа-Салды айылынын айыл башчысынын маалыматтын угуп жана талкуулап кайрылуунун негизинде Ак-Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл башчынын кайрылуусу канаттандырылсын.
2. М.Эргешов мектебинин аянтынан спорттук зал куруу үчүн тиешелүү жер ажыратып берилсин.
3. Тиешелүү документтерин тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Матказыевге жүктөлсүн.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтом расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Там айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак- Там айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Душеналиевага тапшырылсын.
Ак-Там айылдык кеңешинин төрайымы |
Г.Душеналиева |