Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-сентябры № 27/3
Ак-Там айылына спорт аянтчасын куруу жөнүндө.
Ак-Там айылынын айыл башчысынын маалыматтын угуп жана талкуулап айылдын саны жана эки улуттуу калк экендиги эске алынып, кайрылуунун негизинде Ак-Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл башчынын кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Спорттук зал куруу үчүн тиешелүү акча каражаты толук өлчөмдө ажыратып берилсин.
3. Тиешелүү документтерин тактоо жагы айыл башчы А.Абдиллаевге жүктөлсүн.
4. Токтом www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтом расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Там айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак- Там айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Душеналиевага тапшырылсын.
Ак-Там айылдык кеңешинин төрайымы | Г.Душеналиева |