КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-февралы № 53 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын жоболорун, Кыргызстандынулуттук отчету боюнча корутунду комментарийлерди, ошондой эле"2010-жылга чейинки мезгилге "Жањы Муун" Кыргызстандын балдарынын укук-тарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программа жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-августундагы № 431 токтому менен бе-китилген 2010-жылга чейинки мезгилге "Жањы Муун" Кыргызстандын балдары-нын укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программасында коюлган ма-селелерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. "2003-2005-жылдарга Кедейчиликти кыскартуунун улуттук стратеги-ясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-майындагы №269 токтому менен бекитилген 2003-2005-жылдарга Кедейчиликти кыскартуу-нун улуттук стратегиясына "Тез өнүгүү үчүн иш-аракеттер матрицасы" де-ген V тиркемесинин "Адилет коомду куруу" бөлүгүнүн "Балдар кедейчилиги"бөлүмчөсүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: "Балалыкты коргоо жөнүндөгү кодексти иштеп чыгуу" позициясынын"Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2003-2004-жылдар" деген сандар"2005-жыл" деген сан менен алмаштырылсын. 2. "2004-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалыкөнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтому мененбекитилген 2004-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалыкөнүктүрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планынын "Адилет коомду ку-руу" дегењ II бөлүмүнүн 2.14-пункту күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Н.Танаев