Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели №1
«Материалдык жардам берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен Сузак районуна бөлүнгөн акча каражатын турмуштун оор кырдаалында жашаган үй-бүлөөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуудагы комиссиянын2020-жылдын 17-апрелиндеги актысына ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-апрелиндеги №94-б буйругунун негизинде С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Курбановдун кайрылуусу боюнча С.Атабеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн акча каражаты турмуштун оор кырдаалында жашаган үй-бүлөөлөргө айыл өкмөтүнөн түзүлгөн комиссиянын протоколунун негизинде түзүлсүн.
2. Райондон комиссия тарабынан бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин 70111 «Башкаруу» бөлүмүнүн 2218 «Тамак аш азыктарын сатып алуу» беренеси аркылуу ишке ашырылсын.
3. Каражатты максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысына жана экономика-каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Курбановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Калмурзаев |