Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-августу №1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчѳлүк тѳлѳм тѳлѳѳ жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчѳлүк тѳлѳмдѳрдү тѳлѳп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл ѳкмѳтү Кыргыз Республикасынын жергиликтуү ѳз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчѳ болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчѳлүк тѳлѳм берилсин.
3 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчѳлүк тѳлѳмүн тѳлѳѳ үчүн айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен аппараттын атайын каражатынан 2215 беренесинен 2621 беренесине 5031 сом жылдырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу айыл өкмөт башчысы У.Көчөрбаевге тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |