Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-августу № 2
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу” долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет сынагына ктышууүчүн жалпы элдик чогулуштун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу” долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет сынагына катышуу үчүн сунуштаган Ленин айылынын элинин 01.08.2019-жылдагы № 15 жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жакшыртуу” долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет сынагына катышуу үчүн тиешелүү документацияларын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Көчөрбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |