Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-августу № 2
Кош-Булак айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кош-Булак айылындагы жаңы курулуп жаткан кичи футболдук аянтчага Калбаев Аттокурдун атын коюу жөнүндө Кош-Булак айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып,Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун билим берүү тармагында 36 жыл эмгектенген эмгеги бааланып, Кош-Булак айылындагы №10 Ы.Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жаңы курулуп жаткан кичи футболдук аянтчага маркум Калбаев Аттокур Азимбаевичтин ысымы кичи футболдук аянтчага ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кенешинин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар,спорт, маданият, жана социалдык маселелер туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |