Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-августу № 5
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнѳ караштуу Калдыбай орто мектебинин эски имаратын сатуудан түшкѳн акча каражаты жѳнүндѳ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнѳ караштуу Калдыбай атындагы орто мектебинин эски имаратын сатуудан түшкѳн акча каражатын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин киреше бѳлүгүнѳ тѳгүп,кайра кайсы багытка чыгымдоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнѳ караштуу Калдыбай атындагы орто мектебинин эски имаратын сатуудан түшкѳн акча каражатын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин киреше бѳлүгүнѳ тѳгүп,кайра кайсы багытка чыгымдоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Калдыбай орто мектебинин эски имаратын сатуудан түшкѳн 210,4 миң сомдун 100,0 миң сому Дѳдѳмѳл айылынын кѳчѳсүн жарыктандырууга,110,4 миң сому кийинки жылга ѳткѳрүлѳ турган проектинин ар кандай кызмат кѳрсѳтүүлѳрү үчүн тѳлѳнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |