Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-сентябры № 1
Н.Кедеев, Г.Жээналиеванын кайрылуулары жөнүндө.
№12 Ы.Кадыркулов, №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин директорлорунун кайрылуусун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын Дөдөмөл, Кош-Булак айылдары деӊгиз денгээлинен 2030 метр бийиктикте жайкашкан, кышы узак, шарты оор. Райондун бороборунан 45 км алыстыкта жайгашып, калкынын саны аз болгондуктан 2019-2020-окуу жылына окуучулардын саны ар бир класста 10 окуучуга жетпегенине карабастан окутулсун.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар,спорт, маданият, жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |