Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-сентябры № 2
Г.Шайыкованын кайрылуусу жөнүндө.
№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директорунун кайрылуусун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылынын тургундарынын өтүнүчүн эске алуу менен 2019-2020-окуу жылында Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 11-классынын окуучуларынын саны аз болгондугуна карабастан, 11 окуучу менен окутулсун.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар,спорт, маданият, жана социалдык маселелер туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |