Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры № 1
Сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө.
Кош-Булак айылында жаңы курулуган кичи футболдук аянтчанын курулушуна жана Кош-Булак айылынын ичик жолунун капиталдык ремонтуна кошкон салымдары үчүн айылдык Кеӊештин “Ардак грамотасына” көрсөтүү жөнүндө Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Булак айылында жаңы курулуган кичи футболдук аянтчанын курулушуна жана Кош-Булак айылынын ичик жолунун капиталдык ремонтуна кошкон зор салымы үчүн айылдык Кеӊештин «Ардак грамотасына» сунушталсын.
Каамытов Эркинбек
Жумакадыров Нурлан
Карагулов Жумамидин
2. Сыйлыкка көрсөтүлгөн жарандардын грамоталарын жасалгалоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана массалык маалымат сайттарына жарыяландан кийин күчүнө кирет.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р. Ажыбаев |