Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-октябры № 4
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин айрым беренелерине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин айрым беренелерине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2019-жылга бюджетинин айрым беренелерине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2019-жылга чыгаша бѳлүгүнүн айрым беренелерине ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин.
-орто мектептен үнѳмдѳлгѳн 2224 беренесинен 126,7 миң сомду орто мектептин 2231 беренесине 26,7 миң сом,аппараттын 2215 беренесине 100,0 миң сом жылдырылсын.
-бала бакчадан үнѳмдѳлгѳн 2218 беренесинен 100,0 миң сомду аппараттын 3111 беренесине жылдырылсын.
-орто мектептен пайдаланылбаган 3112 беренесинен 30,0мин сомду орто мектебинин 2215 беренесине жылдырылсын.
-аппараттын пайдаланылбаган 2823 беренеснен 40,3 мин сомду аппараттын 2215 беренесине жылдырылсын.
-атайын каражаттын 3112 беренесинен 100,0 миң сомду бала бакчанын атайын каражатынын 2218 беренесине жылдырылсын .
-Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын актысынын негизинде аппараттын 2721 беренесинен 32,5 миң сомду аппараттын 2215 беренесине жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р. Ажыбаев |